Пресс-борбор

Кыргызстандыктар Москвада өтчү эл достугу боюнча ири фестивалга катышат

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар Москвада өтө турган "Россия жана КМШ элдери" деп аталган эл аралык фестивалга катышат. Бул туурасында РФ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда фестивалдын уюштурулушу боюнча айтып берди.

"Кыргызстандын расмий мамлекеттик өкүлдөрү ишкерлик бөлүгүнө катышса, республиканын кино индустриясынын өкүлдөрү россиялык киночу кесиптештери менен кызматташат", — деди Шевцов.

Иш-чара 31-октябрдан 5-ноябрга чейин үч жерде болот жана Россиядагы Элдик биримдик күнүн (4-ноябрь) майрамдоого карата уюштурулат.
Фестиваль иштиктүү, билим берүү жана маданий программаларды айкалыштырат. Коноктор Россиянын тарыхый, маданий жана жаратылыштын ар түрдүүлүгүнө арналган көргөзмөлөргө барып, мастер-класстардан өтөт.
Фестивалды Коопсуздук кеңеши, Россия президентинин администрациясы жана Тышкы иштер министрлиги координациялаган Улуттар иштери боюнча федералдык агенттик уюштурууда. Маданият министрлигинин, Россотрудничествонун, Москва өкмөтүнүн, Россиянын "Билим" коомунун, Россия географиялык коомунун жана башка уюмдардын катышуусунда болот.
Россиялык белгилүү режиссер Никита Михалков Бишкекте эки спектакль коет