БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тоңдурулган жемиштери дүйнөлүк рынокко чыкты.
Ушул жылдын январь-август айларында өлкө 3,6 миң тоннадан ашык продукция экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 эсеге көп. Импорттоочу өлкөлөрдүн ичинде ЕАЭБ мамлекеттери алдыңкы орунда турат.
1.
Россия — 2,3 миң тонна;2.
Түркия — 538,8 тонна:3.
Өзбекстан — 239,2 тонна;4.
Казакстан — 187,7 тонна;5.
Сербия — 176,9 тонна;6.
Польша — 120 тонна;7.
Болгария — 82 тонна;8.
Франция — 20 тонна.Ошондой эле Япония дагы чакан көлөмдө алган.