БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктардын 87 пайыздан ашыгы орус тилинде эркин сүйлөйт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мектеп директорлорунун III форумунун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык 200 мугалим Москвадан такшалып келди. Жакында мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин дагы 200 кызматкери жөнөтүлөт.
"Биз орус тилин эч качан басмырлабайбыз, анткени ал расмий тил болуп саналат", — деди министр.
Кендирбаева өлкөгө орус тили боюнча 600 миңге жакын окуу китеби келгенин, алар Кыргызстандын предметтик стандарттарына ылайык жазылганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, форумга Кыргызстандан жана Россиядан 300дөн ашык катышуучу келген. Алардын арасында мектеп директорлору, орун басарлары, мугалимдер жана билим берүү тармагынын адистери бар.