БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бүгүн Москва шаарында "Евразия" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өтүүдө. Ага кыргызстандыктар дагы катышкан.
Жалпысынан аталган сыйлыкка 27 өлкөдөн 3,7 миңден ашык адам ат салышты.
Төмөндө Кыргызстандан катышып, лауреат жана байге ээси болгон жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
"Евразия үнү" номинациясы боюнча 1-орунду журналист, "Добрый журналист" видеоблогунун автору Таалайбек Ороскулов жеңип алды;
"Элдик дипломатиянын 100 жылдыгына" атайын наамы Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддун президенти Элдар Айтматовго ыйгарылды;
"Евразия үнү" номинациясы боюнча 2-орунга КРдин эмгек сиңирген артисти, "Борбор Азия романсиадасы" сынагынын уюштуруучусу Игорь Воронцов ээ болду;
"Муундардын эсинде" наамы боюнча үчүнчү орун "Судьба солдата" эл аралык долбоорунун координатору Екатерина Дятловага берилди;
"Жүрөктүн чакырыгы менен" номинациясынын 3-орунуна ыктыярчы, майыптыгы бар балдарды бий аркылуу өстүрүүгө багытталган долбоордун негиздөөчүсү Анна Аржанова татыды;
"Жүрөктүн иши" наамы боюнча 3-орунду Кыргызстандагы Кызыл-Суу айылынын орус тили мугалими Нина Копысова жеңип алды.
Айта кетсек, "Евразия" эл аралык сыйлыгы ишмердүүлүгү маданий, руханий баалуулуктарды сактоого, элдик дипломатияны өнүктүрүүгө жана постсоветтик өлкөлөрдүн ортосундагы маалыматтык тоскоолдуктарды жоюуга салым кошкон адамдар менен уюмдарды аныктоого жана аларды колдоого багытталган.