Быйыл республика боюнча 60 миң тонна кант кызылчасы жыйналары күтүлүүдө. Бул тууралуу Уран Чекирбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр өлкөдө 114 миң тонна кант кызылчасы өндүрүлгөн.
"Быйылкы ысык кант кызылчасынын түшүмүнө таасир этти. Былтыркыдан эки эсе аз болот. Болжол менен 60 миң тонна алынары күтүлүүдө. Бирок Россияда түшүмдүүлүк жогору болду. Эгерде кантка болгон суроо-талап өсүп кетсе, ЕАЭБ алкагында алардан импорттойбуз. Биз жыл сайын орто эсеп менен 186 миң тонна кант керектей тургандыгыбыз айтылганы менен акыркы жылдары аны тамак-ашта колдонуу азайып баратканын байкап жатабыз", — деди Чекирбаев.
Ал ошондой эле канттын ордун баса турган азыктар көбөйгөнүн жана эл ошол продукцияларды тандап жатканын айтты.