БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Нацисттик Германия менен милитаристтик Японияны жеңүүдө СССР элинин салымы чечүүчү күч болду. Тарыхый бул вазийпаны РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров белгилеген.
Министрдин сөзүн "80-летие Великой Победы. Сохраним историческую правду" деп аталган россиялык мекендештердин Москвада өтүп жаткан конференциясында анын орун басары Михаил Галузин окуп берди.
Анда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын мекендештер 130дан ашык мамлекетте белгилегендиги айтылган.
"Өзгөчө Балтика боюндагы мамлекеттердеги советтик эстеликтерди талкалап, жок кылуу жат көрүнөт. Орус элине жакын болгон Украинада бийликти басып алган неонацисттик бийлик Россияга, орус тилине, маданиятына жана канондук православие динине байланыштуу нерселердин баарын жок кылууда. Бул нерсе атагы чыккан европалык баалуулуктарды таратуу үчүн жасалып жатат", — деп айтылган кайрылууда.