"Евразия" эл аралык сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи. Видео

Москвада "Евразия" эл аралык сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо салтанаты өтүп жатат. Ал орус тилин жана маданиятын жайылтуу, евразиялык интеграцияны чагылдыруу, ошондой эле тарыхты сактоо багытындагы иш үчүн ыйгарылат.
Sputnik
Байге фонду 25 миллион рубль экени айтылды.
Премиянын кыска тизмесине Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери да кирген. Байге үчүн соцтармактардын шеф-редактору Асел Минбаева, радионун алып баруучусу Наталия Князева, баяндамачы, редактор Таалайбек Ороскулов жана баяндамачы Тимур Осмонов күч сынашууда.