Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Европа алакан жайып отуруп алды". Bloomberg Украинанын союздаштарын сындады

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Москвадан айырмаланып, Киевдин союздаштарынын анын жеңишке жетүүсү боюнча планы жок. Бул туурасында РИА Новости Bloomberg агенттигине таянып билдирди.
"Россиянын жеңем деген планы бар, ал эми Украинаныкы — эптеп жан багуу. Анын союздаштарынын кандайдыр бир планы барбы деген собол маанилүү болуп турат. Эгерде кыска жооп бере турган болсок, азырынча жок", — деп макалада айтылат.
Басылманын баяндамачысы АКШ менен Европанын ыргылжың саясаты Украинанын Россия менен кармашындагы талуу жерлеринин бири болуп калганын белгиледи. Ал Батыштын алакан жайып отуруп алышы согуштун соңуна таасирин тийгизип жатканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жеңилет. Жогорку Радада Украинадагы жаңжалдын кандай аяктаарын божомолдошту