Бишкектин абасын тазалап, ыштан арылтуу жолдору. Жаңы башкы план

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкектин коомдук талкууга коюлган жаңы башкы планында борбор калаанын абасын тазартуу, ыштан арылтуу ыкмалары да каралды.
Долбоордо азыркы учурда абадагы зыяндуу заттардын концентрациясынын деңгээли нормадан үч эсе ашып кеткени белгиленген. 2050-жылга чейин нормадан төмөн болушу керек деген максат коюлду. Ал үчүн төмөнкүлөр сунушталууда:
борборлоштурулган жана жеке жылытуу системаларын газга же калыбына келүүчү энергия булактарына которуу;
түтүн тазалоо системаларын киргизүү;
санитардык коргоосу жетишсиз болгон ишканаларды борбордун сыртына чыгаруу;
транспорттук агымды азайтуу жана велосипед, электросамокаттарда жүрүүгө шарт түзүү;
аймактарды жашылдандыруу.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Бишкек шаарынын эки миллион кишиге ылайыкташкан башкы планы даяр болгону айтылган. Калаанын 2050-жылга чейин өнүгүүсүн камтыган негизги документинде жолдорду оңдоо, жашылдандыруу, курулуш жана башка иштер көрсөтүлгөн.
Бишкектин башкы планы кабыл алынса төрт райондун өз-өзүнчө борбору болот