Бишкекте Россия кинолорунун фестивалы башталды

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында "Манас" кинотеатрында "Кыргызстан–2025" аталышындагы кинофестиваль башталды.
Иш-чараны "Роскино" Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен өткөрүп жатат. Салтанатка РФтин маданият министри Ольга Любимова, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана режиссер Никита Высоцкий катышты.
Фестиваль "Август" деп аталган согуш темасындагы фильм менен ачылды. Ал – 1944-жылдын жай айларындагы советтик чалгынчылардын иши тууралуу аскердик драма.
Киномайрам 1-ноябрга чейин уланмакчы.
Бишкекте мектеп директорлорунун III форуму кандай өтүп жатат. Видео