Иш-чараны агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов, Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун ("Русский дом") жетекчиси Альберт Зульхарнеев, Россия элчилигинин биринчи катчысы Алексей Пойда ачып берди.
Форумга жалпысынан өлкө боюнча 300гө жакын мектеп директорлору, россиялык кесиптештери, адистер, билим берүү жана тарбия эксперттери катышууда. Алар билим берүү тармагындагы менеджменттин негизги көйгөйлөрүн талкуулашат, тажрыйба алмашат жана кесиптик байланыштарды түзүшөт.
Форумдун алкагында Россия ЖОЖдорунун "Россиядагы билим берүү — 2026" көргөзмөсү да өтүүдө. Анда студенттер мамлекеттик квоталар боюнча Россиянын алдыңкы окуу жайларына кантип тапшырса болорун биле алышат. "Евразия" бейөкмөт уюмунун "Боордош мектептер" долбооруна дагы өзгөчө көңүл бурулууда.
Форумду Россотрудничество жана Түштүк-Батыш мамлекеттик университети (Курск), кыргыз тараптан Агартуу министрлиги, КРСУ жана Ишеналы Арабаев атындагы КМУ, ошондой эле "Евразия" уюму уюштурууда.