Алматы: АКШдан баңгизат ташуу кылмышы боюнча күч органдарынан да кармашты

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Алматыда АКШдан ташылган баңгизат контрабандасы боюнча 20 киши кармалды.
Шаардык прокуратура алардын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин үч жана Ички иштер министрлигинин төрт кызматкери кылмыштуу топту калкалап турган деп шектелип жатканын билдирди.
Тергөө "товарды" ташып келүү, жеткирүү иштерин түрмөдө отурган киши уюштурганын аныктаган. Ал бүтүндөй система болуп, бир нече киши өздөрүнө тагылган "милдеттерин" аткарып келген.
Кылмыштуу жол менен табылган акчаны кыймылсыз мүлк, жер тилке жана автокөлүк сатып алуу менен мыйзамдаштырып турушкан. Көзөмөлдөө органы беш батирди, үч курулушту, 10 жер тилкени жана 44 автоунааны таап, камакка койгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин аркасында бажы бекеттеринин биринен баңгизат салынган 25 жүктү табышкан. Тыюу салынган бул заттын жалпы салмагы 43 килограмм болгон.
Иштин фигуранттарына баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү жана сатуу, кызматтык кылмыштар үчүн жоопкерчиликти караган беренелер боюнча айып тагылган.
Трамп АКШга баңгизат алып келгендерди өлтүрө турганын айтты