29-31-октябрга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинде Кыргызстандын мектеп директорлорунун III форуму өтүп жатат. Форумга жалпысынан өлкө боюнча 300гө жакын мектеп директорлору, россиялык кесиптештери, адистер, билим берүү жана тарбия эксперттери катышууда. Алар билим берүү тармагындагы менеджменттин негизги көйгөйлөрүн талкуулашат, тажрыйба алмашат жана кесиптик байланыштарды түзүшөт. Форумдун алкагында Россия ЖОЖдорунун "Россиядагы билим берүү — 2026" көргөзмөсү да өтүүдө. Анда студенттер мамлекеттик квоталар боюнча Россиянын алдыңкы окуу жайларына кантип тапшырса болорун биле алышат. "Евразия" бейөкмөт уюмунун "Боордош мектептер" долбооруна дагы өзгөчө көңүл бурулууда. Форумду Россотрудничество жана Түштүк-Батыш мамлекеттик университети, кыргыз тараптан Агартуу министрлиги, КРСУ жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университет, ошондой эле "Евразия" уюму уюштурууда.
Республика боюнча ОСАГО камсыздандыруу полиси жана милдеттүү турак жай камсыздандыруусу боюнча төлөмдөрдүн жалпы суммасы 90 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын улук комиссары Кангелди Батырбеков өлкөдөгү радиолордун биринин эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда өлкө боюнча унаалардын 40 пайыздан ашыгы милдеттүү камсыздандыруудан өткөн. Ал эми камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга жеке жак болсо — 3 миң сом, юридикалык жак болсо — 17 миң сом айып пул каралган. Ал ошондой эле турак жай камсыздандыруусуна да токтолду. Бүгүнкү күндө үйдү сатып алуу же сатуу учурунда милдеттүү түрдө камсыздандыруу жүргүзүлөт. Эгерде биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар жарандар турак жайдын ээси болсо, алар камсыздандырууну акысыз түрдө жүргүзө алышаарын белгиледи.
Нацисттик Германия менен милитаристтик Японияны жеңүүдө СССР элинин салымы чечүүчү күч болду. Тарыхый бул вазийпаны Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров белгилеген. Министрдин сөзүн россиялык мекендештердин Москвада өтүп жаткан конференциясында анын орун басары Михаил Галузин окуп берди. Анда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын мекендештер 130дан ашык мамлекетте белгилегендиги айтылган."Өзгөчө Балтика боюндагы мамлекеттердеги советтик эстеликтерди талкалап, жок кылуу жат көрүнөт. Орус элине жакын болгон Украинада бийликти басып алган неонацисттик бийлик Россияга, орус тилине, маданиятына жана канондук православие динине байланыштуу нерселердин баарын жок кылууда. Бул нерсе атагы чыккан европалык баалуулуктарды таратуу үчүн жасалып жатат", — деп айтылган кайрылууда.