“Ачык кеп” программасынын алкагында Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик башкармалыгынын биринчи орун басары Азирет Акимовго Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө байланышкан эң маанилүү жана коомчулуктун кызыгуусун жараткан темалардын бири — шаардын жаңы башкы планы жана реновация процессине байланышкан бир катар суроолорду узатып, жооп алдык.
Бишкек акыркы жылдары тез өнүгүп, калкы көбөйүп, инфраструктурага болгон талап өсүүдө. Эски көп кабаттуу үйлөрдүн абалы, жолдордун жүктөлүшү, жашыл аймактардын кыскарышы — мунун баары шаарды жаңылоо зарылдыгын көрсөтүп турат. Дал ушул максатта азыр жаңы башкы план иштелип чыгууда. Бул демилге шаардын келечектеги түзүлүшүн, жашоо сапатын жана коопсуздугун жакшыртууга багытталган.
Бүгүнкү маекте биз реновация программасы кандай шарттарда жүргүзүлөрүн, эски үйлөрдүн ордуна кандай жаңы объекттер куруларын, ошондой эле Бишкектин жаңы башкы планы шаардын өнүгүүсүнө кандай таасир берерин талкууладык.