“Жаз жарыш - күз күрөш” деген сөздүн агрардык өлкө болгон Кыргызстанда өзгөчө орду бар. Анткени калктын көпчүлүгү бөлүгү жазында жарыша жер айдап көчөт отургузуп, бак бутаса, күзүндө жайды-жайлай кылган эмгегинин натыйжасын көрүп, түшүмүн жыйнашат. Бирок багбан же дыйкан үчүн мөмөсүн терип алгандан кийин эле жумуш бүтүп калбайт, айдоону же бакты кийинки жылга даярдоо процесси башталат. Биз бүгүнкү “Күн башат” программасында күзүндөгү мөмөлүү бактарга кам көрүү, күзгү дарылоо иштери тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаменттин башкы адиси Нурбек Малабаев жооп берди.