Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда айыл чарбасын каттоосун 2026-жылга жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Чечим маалыматтарды жогорку сапатта чогултууну камсыз кылуу максатында кабыл алынып, каттоо 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өтөт. Ал эми буга чейин министрлер кабинетинин 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү №122 токтомунун негизинде өлкө аймагында кезектеги айыл чарба каттоосун өткөрүү каралган. Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосу 10 жылда бир жолу өткөрүлөт жана өлкөнүн айыл чарбасынын абалы жана түзүмү жөнүндө толук, объективдүү жана ишенимдүү маалымат алууга багытталган масштабдуу улуттук статистикалык иш-чара болуп саналат. Чогултулган маалыматтар натыйжалуу агрардык саясатты иштеп чыгуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүү үчүн негизги курал болуп калат.
Улуттук банк инфляцияны төмөндөтүү үчүн эсептик ченди 10 пайызга жогорулатканын кабарлады. Маалыматта буга чейин чен 9,25 пайыз болгону айтылат. "Инфляциянын тышкы жана ички факторлоруна баа берүү, Улуттук банктын келечекке багытталган акча-кредит саясатын эске алуу менен эсептик чендин өлчөмү көбөйдү. Мекеме инфляцияны 5-7 пайыз чегинде кармоо үчүн иштеп жатат", — деп жазылган кабарда.**Министрлер кабинети тубаса ооруларды алдын алуу максатында кош бойлуу аялдар үчүн "Үмүт" программасын киргизүүнү пландап жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Маалыматта "Үмүт" аталышындагы программа 2025-2030-жылдарды камтый турганы айтылат. Мында ар бир кош бойлуу аял 11-13 жана 18-21-жумада биохимиялык жана УЗИ текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү болот. Ал аркылуу түйүлдүктө Даун, Эдвардс синдромдору сыяктуу тубаса оорулар же хромосомалык кемтиктердин бар-жогу эрте аныкталат. "Бул үчүн ар бир облуста адистештирилген скрининг-борборлор түзүлөт. Алар УЗИ-аппараттар жана биохимиялык анализаторлор менен жабдылат", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын жаңы төрөлгөн балдардын ичинен 2,5 миңден ашуун наристе тубаса кемтиги менен жарыкка келет, бул бардык төрөттөрдүн 1,9 пайызын түзөт. Акыркы төрт жылда майыптыкка алып келген тубаса аномалиясы бар балдардын саны 18 миңге жеткен.
Бишкекте 29-31-октябрга чейин мектеп директорлорунун III форуму өтөт. Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Россотрудничество өлкөнүн аймактарындагы 300 мектептин директорлорун жана алардын россиялык кесиптештерин чогултууда. Үч күндүн ичинде катышуучулар башкаруунун учурдагы көйгөйлөрүн талкуулап, тажрыйба алмашат. Ошондой эле өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кесиптик байланыштарды түзүшөт. Секция менен мастер-класстардын темалары маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт. Форумдун алдында мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу курстары башталды. Форумдун алкагында Россия ЖОЖдорунун “Россияда билим берүү — 2026” көргөзмөсү болот. Бул жерден жогорку окуу жайлард