БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Чүй облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде жоокерлерге арналган азык-түлүктү уурдап сатууга шектелип кампанын башчысы, прапорщик кармалганын Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта С.К.А. колбаса, макарон, күрүч, туз, шекер, май жана башка азык-түлүктү системалуу сатып келгени айтылат.
"Жүргүзүлүп жаткан териштирүүнүн алкагында шектүү тамак-ашты сатып жаткан жеринен кармалып, камакка алынды", — дешти Башкы прокуратурадан.
Учурда аталган кылмышка тиешеси барлар аныкталып жатат.