БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы "Асман-Резиденс-4" көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлерди ээлерине тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.
Тогуз кабаттуу турак жай комплексинде 12 блок курулуп, жалпы 945 батирди камтыйт. Президент бүгүн 153 адамга ачкыч тапшырып, үй жашоого ыңгайлуу, коопсуз, заманбап стандарттар менен курулганын белгилеген.
"Өлкөбүздө муктаж болгон ар бир үй-бүлө өзүнүн баш калкасына, уюткулуу очогуна ээ болсун деген жакшы тилек менен ишибизди улантабыз. Турак жай курулушу боюнча стратегиялык пландар узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ. Заманбап турак жай объектилери мындан ары да курула бермекчи", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жайлуу болуп, дагы 69 миңден ашык киши кезекте турганын кошумчалады.