20 жана 50 сомдук акчаларды Кыргызстан өзү чыгара баштайт. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Ноябрдын жарымынан тарта 20 жана 50 сомдуктар Кыргызстанда чыгарыла баштайт. Бул маалымат президент Садыр Жапаров бүгүн Улуттук банкка барганда айтылды.
Башкы банктын төрагасы Мелис Тургунбаев бул боюнча даярдыктар аяктагандыгын билдирди. Ал эми беш миң сомго чейинки купюралар келерки жылдын ортосунда чыгарыла баштаары белгилүү болду.
Кыргызстан өзүнүн акчаларын буга чейин чет мамлекеттен бастырып келген.
Улуттук банк мамлекетти түптөгөн аталарга арнап коллекциялык тыйын чыгарды