БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко Евразия коопсуздугу боюнча III Минск эл аралык конференциясында ЕБдеги коңшулардын аскерлешкен, агрессиялуу кадамдарына токтолуп, бул аркылуу алар коомчулукту согуш сөзсүз болот деген ишенимге даярдап жатканын баса белгиледи.
"Эгер кошуна өлкөлөр өздөрүнүн аскердик дараметин сеникинен бир нече эсе арттырууга умтулуп, агрессивдүү кадамдардан тартынбай жатса, бул эмнеден кабар берет деген суроо жаралат. Ага менин жалгыз эле жообум бар: тилекке каршы, алар муну согуштун сөзсүз болоруна коомчулуктун кулагын бышыруу үчүн жасап жатышат", — деген Лукашенко.
Евразия коопсуздугу боюнча I Минск эл аралык конференциясы 2023-жылы 26-октябрда, экинчиси 2024-жылдын 31-октябрь-1-ноябрында болгон.
2024-жылдын күзүндө Минск эл аралык конференциясында Беларусь менен Россия XXI кылымда көп түрдүүлүк жана көп уюлдуулук боюнча Евразия хартиясын иштеп чыгуу демилгесин көтөрүп, буга Евразиянын башка мамлекеттерин кошулууга чакырган.
Хартиянын зарылдыгы тууралуу идея алгач ирет 2023-жылы октябрда аталган борбор калаада көтөрүлгөн.