Улуттук банк инфляцияны төмөндөтүү үчүн эсептик ченди жогорулатты

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Улуттук банк инфляцияны төмөндөтүү үчүн эсептик ченди 10 пайызга жогорулатканын кабарлады.
Маалыматта буга чейин чен 9,25 пайыз болгону айтылат.
"Инфляциянын тышкы жана ички факторлоруна баа берүү, Улуттук банктын келечекке багытталган акча-кредит саясатын эске алуу менен эсептик чендин өлчөмү көбөйдү. Мекеме инфляцияны 5-7 пайыз чегинде кармоо үчүн иштеп жатат (азыр 8,4%ды түзөт)", — деп жазылган кабарда.
Эсептик чен — өлкөдөгү насыя жана депозиттердин пайыздык ченине таасир этүүчү негизги көрсөткүч. Эгер эсептик чен жогору болсо банктар үчүн акча кымбаттайт, демек, калк жана бизнес үчүн насыя да кымбат болот. Мында жарандар жана бизнес аз карыз алат, чыгымы аз болот. Натыйжада акча жүгүртүү азайып, суроо-талап төмөндөйт. Товарлар менен кызматтардын баасы жай өсөт же түшөт. Демек, инфляция басаңдайт.
Дүйнөдө алтындын баасы түшкөндөн кийин Улуттук банктын куймалары арзандады