Мындан туура 81 жыл мурда, Улуу Ата Мекендик согуш аягына чыгарына бир жылга жетпеген убакыт калганда, тагыраагы, 1944-жылдын 28-октябрында Советтик армия Украинаны гитлердик баскынчылардан толугу менен бошоткон.
... Ал жылы октябрдын аягында немецтер Закарпатьеден куулган. Ал Украина ССРинин душман басып алган акыркы аймактарынын бири эле. Украинаны бошотууга Кызыл армиянын төрт фронту катышкан. Аларды ар кайсы мезгилде Жуков, Малиновский, Толбухин, Ватутин жана Конев жетектеген.
Немец оккупациясынын учурунда Украинада 10 миллиондой киши каза таап, дагы 2,5 миллион кишини нацисттер кулчулукка алып кетишкен. Республиканы бошотуу учурунда 2,6 миллион советтик жоокер курман болгон.
Ал эми азыркы тапта Украина ата-бабасынын эрдиги менен сыймыктанбастан, басып өткөн тарыхына каршы күрөшүүдө.