БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампалуу болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров бүгүн Улуттук банктын жаңы имаратын ачты.
"Мурда мамлекет алтынды сактоодо кыйынчылыктарды тартып келген. Тийиштүү шарт жок болгондуктан мамлекет өзүнүн корун чет өлкөдө сактоого аргасыз болгон. Мына бүгүн Улуттук банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда. Мындан ары биз өз запастарыбызды ишенимдүү сактап гана тим болбостон, чет элдик өнөктөштөргө да ушундай кызматтарды көрсөтө алабыз", — деди президент.
Ал ошондой эле эл аралык стандарттар менен улуттук кызыкчылыктардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо мамлекеттин башкы милдети экенин белгиледи.
"Мамлекеттин күчү анын алтын резерви же жер байлыгы менен гана чектелбейт. Элдин ишеними, мыйзамдын үстөмдүгү сакталып, жашоо-турмуш жакшырышы керек. Улуттук банк мына ушул баалуулуктардын күзөтчүсү", — деди Жапаров.
Ал банктын кызматкерлерине көп жылдык эмгеги, ата мекен алдындагы жоопкерчилиги, мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.