Өлкөдө жайыттарды пайдалануу эрежелери жаңыртылат. Ал үчүн жайыт башкарууну жана пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө токтом долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Мыктыбек Каландаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, токтомдун долбоорунда жайыт ресурстарын башкаруу жана пайдалануу тутумун тартипке келтирүү каралган.
"Бизде жайытка байланышкан абдан көп маселе бар. Мисалы, жайыттардын абалына толук кандуу баалоо жүргүзө албай келебиз. Айыл чарба министрлиги министрлер кабинетинин жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. Анда жайыттарды пайдалануу эрежелери жаңыртылып, ыйгарым укуктуу органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыт башкаруу жана пайдалануу пландарын иштеп чыгуу укуктары берилди. Эми жайыттардын абалын баалоо ыкмасы даярдалып, заманбап инструменттер колдонулат. Мындай кадам башкарууну жеңилдетип, тиешелүү чараларды убагында колдонууга жол ачат", — деди Каландаров.
Ошондой эле ал Россиядан жайыт үрөндөрү жана органикалык жер семирткичтер алынганын кошумчалады.