БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Беларустун борборунда 47 мамлекет менен жети эл аралык уюмдун өкүлдөрү Евразия коопсуздугу боюнча эл аралык ири иш-чарага чогулду.
Бул сапар Минск шаары кезектеги III эл аралык конференциянын катышуучуларын кабыл алды.
Аталган ири саясий иш-чарага РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров, Венгрия ТИМи менен Тышкы соода министрлигинин башчысы Петер Сийярто, Түндүк Кореянын ТИМинин жетекчиси Чхве Сон Хи чакырылган.
Ал эми эл аралык уюмдардан ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов, ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев, Союздук мамлекеттердин баш катчысы Сергей Глазьев катышууда.