"Ар бир өлкө өзү чечет". Лавровдун Минскидеги сөздөрүнүн маанилүү жерлери

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Россия ар бир мамлекет коопсуздугун камсыздай турган ыкмаларды өзү аныкташы керек деген принципти колдойт, бирок эч ким бейкуттугун бирөөлөрдүн эсебинен бекемдей албайт. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Минскидеги эл аралык конференцияда сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Лавров Евразия коопсуздугу боюнча Минскидеги III эл аралык конференцияда айткандарынын негизгилерине токтолобуз:
НАТО аймагын кеңейтүүдө тыным алган жок;
Европанын союздаш мамлекеттери батыш тарабында жаңы согушка даярданып жатканын жашырбайт;
НАТОнун Арктикадагы активдешүүсү түйшөлтөт;
Москва Трамп мурдагысындай эле Аляскадагы жолугушуунун жыйынтыгы менен Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга умтулат деген ишенимде;
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башчылары АКШны Украинага тынчтык орнотуу аракетинен баш тарттырууга жан үрөп киришүүдө;
Россиянын НАТОдогулар менен ЕБ мамлекеттерине кол салуу ою болгон эмес, ниети да жок. Москва келечектеги коопсуздук кепилдиктеринде муну кошо бекитүүгө даяр;
НАТО жана ЕБ элиталары менен диалог түзүү планда жок.
Эске салсак, бүгүн Беларустун борборунда 47 мамлекет менен 7 эл аралык уюмдун өкүлдөрү Евразия коопсуздугу боюнча эл аралык ири иш-чарага чогулду.
Евразия коопсуздугу боюнча I Минск эл аралык конференциясы 2023-жылы 26-октябрда, экинчиси 2024-жылдын 31-октябрь-1-ноябрында болгон.
2024-жылдын күзүндө өткөн экинчи иш-чарада Беларусь менен Россия XXI кылымда көп түрдүүлүк жана көп уюлдуулук боюнча Евразия хартиясын иштеп чыгуу демилгесин көтөргөн. Анда Евразиянын башка мамлекеттерин кошулууга чакырык жасалган. Хартиянын зарылдыгы тууралуу идея алгач ирет 2023-жылы октябрда аталган борбор калаада көтөрүлгөн.
Лукашенко: ЕБ коомчулукту согуш баары бир болот деген ойго даярдап жатат