БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кеминде мас айдоочу патрулдук милициядан качам деп бир унааны жана милиционерди сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди.
Маалыматка караганда, Mercedes-Benz Sprinter Орловкада өтүп жаткан рейдде токтотулган. Анын айдоочусу мас экени айтылды. Унаа айып короого алып келингенден кийин 36 жаштагы З.А.Ж. кайра рулга отуруп качып кеткен.
"Ал Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна чыгып, Mitsubishi Pajero автоунаасы менен кагышкан. Ошондой эле милиция кызматкерин дагы коюп, жеңил жаракат келтирген", — деп айтылат маалыматта.
Тартип бузган киши кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Автоунаа айып короого токтотулду.