БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Америкалык журналист Такер Карлсон мыйзамсыз президент Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү туура эместигин айтты. Мындай пикирин ал RTVI US каналына интервью берип жатканда билдирген.
"Менин баамымда, кайра шайланып кызматка бекитилбеген Зеленскийдин өлкө башкарууга моралдык акысы жок. Ага сүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү — калпыстык", — деген ал.
Журналист Украинаны жок кылуу планы тууралуу да пикирин айтып, эркектердин көбү жок болуп кеткен Украинага мигранттарды отурукташтырууга ниеттенгенин да кошумчалаган.
"Украина, ал тургай, НАТО менен биргелешип кармашка чыкса да бул согушта жеңе албайт. Улут болуудан да калган Украинаны азыркы кармаш талкалады. Киев бийлиги чет элдиктер айыл чарба жерлерин сатып ала тургандай кылып мыйзамдарды өзгөрттү. Өлкөдөгү эркектер жок кылынды. Алар эми башка өлкөлөрдөн мигранттарды жайгаштырууга камынып жатышат. Эми баягы Украина болбойт. Буларда чындыгында эле ушундай план болгон деп ойлойм", — деген Карлсон.
Эскерте кетсек, Зеленскийдин мөөнөтү 2024-жылдын 20-майында соңуна чыккан. Ал аскердик абалдан жана жалпы мобилизациядан улам президенттик шайлоону жылдырып, шайлоо өткөрүүчү мезгил эмес экенин айткан болчу.
Ушул жылдын февралында АКШ президенти Дональд Трамп Зеленскийди "шайлоосуз диктатор" деп атап, рейтинги төрт пайызга чейин төмөндөп кеткенин белгилеген.