Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Чалгын кызматы: Франция Украинага аскер киргизүүгө даярданып жатат

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өлкө башчысы Эммануль Макрондун тапшырмасы менен Украинага 2 000 жоокер жана офицерден турган аскер контингентин киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Россиянын Чалгын кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.
Аталган кызмат буга чейин Макрон Украинага аскердик интервенция жасоого көптөн бери дилгир экенин айткан. Өлкөнү узакка созулган социалдык-экономикалык каатчылыктан чыгара албай, Макрон эми тарыхта аскер башчы катары калууну көздөп жатканы белгиленген.
"Анын буйругу менен Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Киев режимине жардам иретинде 2 000 жоокер жана офицерден турган аскер контингентин киргизүүгө даярданып жатат", — деп жазылат Чалгын кызматынын маалыматында.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британиянын мурдагы премьер-министри Украинага аскерлерди жөнөтүүгө чакырды