БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Борбор калаада 2050-жылы 24,8 миллион чарчы метр турак жай курула тургандыгы Бишкектин башкы планынын долбоорунда жазылган.
Быйылкы жылдын башындагы эсепке көз салсак, ар бир бишкектикке 14 чарчы метр жер туура келет. Ал эми документте бул санды 22ге жеткирүү каралган.
Турак жай фонду 42,2 миллион чарчы метрге жетиши үчүн 2050-жылга карата 24,8 чарчы метр жерге үй салуу керек. Жаңы курулуштар көп эмес көлөмдө Ленин жана Октябрь райондоруна түшмөкчү. Жалпысынан алганда, аталган документте үй курууга баш-аягы 3,5 миң гектар жер бөлүү каралып жатат, анын ичинен 1,2 миң гектары реконструкцияланган аймактар болмокчу.
Калаа бийлигинин божомолунда Бишкектеги элдин саны 2050-жылы 1 миллион 920 адамга жетет.