БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. 2050-жылдары электр энергиясын пайдалануу көбөйө тургандыгы Бишкектин башкы планынын долбоорунда айтылган.
Бул жааттагы маселени чечүү үчүн подстанциялар менен ЛЭП куруу сунушталып жатат.
Электр кубатын энергиянын төмөнкү булактарынан алуу каралууда:
ТЭЦ-1ди жаңылоо;
ТЭЦ-2 (башкы планда аны иштетүү жана курулушту соңуна чыгаруу);
Бишкектин чет жакасында күн электр станцияларын куруу планы;
Бишкектен түштүктү көздөй бир нече ГЭС куруу;
Кичи ТЭЦ;
Аламүдүн ГЭСтеринин каскады;
үйлөргө орнотулган күн батареялары.