БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жамааттык Батыш Россияны ондогон майда мамлекеттик маанидеги аймактарга бөлүп, аларды четинен өзүнө каратып алууну көздөйт. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу макаласында айтканын РИА Новости кабарлады.
"Ушу тапта Россияга, коомчулукка тышкы басым күч. Бизге каршы пропаганда абдан катуу иштеп жатат. Тарыхыбызга, маданиятыбызга, руханий баалуулуктарга кол салуу токтогон жок, элибиздин ынтымагына, КМШ мамлекеттеринин достугуна жик салуу аракеттери болушунча жүрүүдө", — деп жазган ал.
Шойгу кастарын тиккендер Россиянын көп улуттуулугу өлкөнүн талуу жери деп жаңылыш ойлоп жатканын белгилеген.
"Алардын максаты — өлкөнүн эгемендигине доо кетирүү. Россияны ондогон майда мамлекеттерге бөлүп, өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну көздөп жатышат", — деп айтылат макалада.
Коопсуздук кеңешинин катчысы жамааттык Батыш Россиянын кыйратуучу геосаясий технологияларга туруштук бере алган улуттар аралык байланышын, жан дүйнөсүн, ички күч-кубатын, элдеринин биримдигин түшүнбөй турганын белгилеген. Анын айтымында, дал ушул биримдик толук кандуу өнүгүүнүн өбөлгөсү болуп саналат.