“Туяк” программасында Коргоо министрлигинин медициналык кызматынын подполковниги Арстан Токтомбаев болуп, КМШнын Биргелешкен ыкчам аракеттер күчтөрүнүн "Өз ара аракеттенүү–2025" биргелешкен машыгуусуна катышуу алкагында Беларустун Витебск облусундагы Адаменки аймагында көмүлгөн өзүнүн бабасы Ырысмамбет Токтомбаевдин мүрзөсүнө барып келген. Ырысмамбет Токтомбаев 1943-жылдын 28-декабрында Беларусту немецтик-фашисттик баскынчылардан бошотуу үчүн жүргөн салгылаштарда курман болгон.
Эки жыл мурун туугандары Кыргызстандын Беларустагы элчилигине расмий сурам жөнөтүшөт. Андан соң өтүнүч Беларустун Куралдуу күчтөрүнүн Ата Мекенди коргоочулардын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча башкармалыгына берилип, Кыргызстанга «Беларусь Республикасынын Эскерүү китебинен» үзүндү жиберилип, анда баатырдын кандай шартта курман болуп көмүлгөнү көрсөтүлгөндүгүн Арстан Токтомбаев билдирди. Маалым болгондой, ал аскерге чакырылгандан кийин бир жыл бир ай өткөн соң Беларусту бошотуу үчүн болгон салгылашта каза таап, Витебск облусунун Низы айылына жерге берилген. 2018-жылдын декабрында сөөгү кайра көмүлүп, Адаменки агрошаарчасындагы №4310 аскердик көрүстөнгө коюлган.