Балдар онкологиясында жаңы кадам: Кыргызстан эл аралык стандарттарга жакындады

Sputnik
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы балдар онкологиясы боюнча беш клиникалык документти жана беш операциялык процедуранын стандартын бекитти. Эне жана баланы коргоо борбордун бөлүм башчысы Султан Стамбековдун жетекчилиги алдында иш алып барган балдар онкологдору абдан маанилүү кадамды жасашты. “Эми республика боюнча бардык адистер өз иштеринде ушул документтерге таянышат. Бул абдан татаал жана узак процесс болду — талкууларга, оңдоолорго жана уктабай өткөн түндөргө толгон жол. Бирок ынтымактуу команда жана жалпы максатка ишенүү онкологдорго бул ишти ийгиликтүү бүтүрүүгө жардам берди.
Бул Кыргызстандагы балдар эл аралык мыкты стандарттар боюнча дарылануусуна дагы бир кадам жакындоо”, — деп айтты Стамбеков. Буга чейин Кыргызстанда балдардын рак ооруларын аныктоо көрсөткүчү жакшырганы кабарланган.