Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы "Асман-Резиденс-4" көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлерди ээлерине тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады. Тогуз кабаттуу турак жай комплексинде 12 блок курулуп, жалпы 945 батирди камтыйт. Президент бүгүн 153 адамга ачкыч тапшырып, үй жашоого ыңгайлуу, коопсуз, заманбап стандарттар менен курулганын белгилеген."Өлкөбүздө муктаж болгон ар бир үй-бүлө өзүнүн баш калкасына, уюткулуу очогуна ээ болсун деген жакшы тилек менен ишибизди улантабыз. Турак жай курулушу боюнча стратегиялык пландар узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ. Заманбап турак жай объектилери мындан ары да курула бермекчи", — деди Жапаров.Ал ошондой эле учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жайлуу болуп, дагы 69 миңден ашык киши кезекте турганын кошумчалады.
Улуттук банк инфляцияны төмөндөтүү үчүн эсептик ченди 10 пайызга жогорулатканын кабарлады. Маалыматта буга чейин чен 9,25 пайыз болгону айтылат."Инфляциянын тышкы жана ички факторлоруна баа берүү, Улуттук банктын келечекке багытталган акча-кредит саясатын эске алуу менен эсептик чендин өлчөмү көбөйдү. Мекеме инфляцияны 5-7 пайыз чегинде кармоо үчүн иштеп жатат", — деп жазылган кабарда.Эсептик чен — өлкөдөгү насыя жана депозиттердин пайыздык ченине таасир этүүчү негизги көрсөткүч. Эгер эсептик чен жогору болсо банктар үчүн акча кымбаттайт, демек, калк жана бизнес үчүн насыя да кымбат болот. Мында жарандар жана бизнес аз карыз алат, чыгымы аз болот. Натыйжада акча жүгүртүү азайып, суроо-талап төмөндөйт. Товарлар менен кызматтардын баасы жай өсөт же түшөт. Демек, инфляция басаңдайт.
Борбор калаада 2050-жылы 24,8 миллион чарчы метр турак жай курула тургандыгы Бишкектин башкы планынын долбоорунда жазылган.Быйылкы жылдын башындагы эсепке көз салсак, ар бир бишкектикке 14 чарчы метр жер туура келет. Ал эми документте бул санды 22ге жеткирүү каралган.Турак жай фонду 42,2 миллион чарчы метрге жетиши үчүн 2050-жылга карата 24,8 чарчы метр жерге үй салуу керек. Жаңы курулуштар көп эмес көлөмдө Ленин жана Октябрь райондоруна түшмөкчү. Жалпысынан алганда, аталган документте үй курууга баш-аягы 3,5 миң гектар жер бөлүү каралып жатат, анын ичинен 1,2 миң гектары реконструкцияланган аймактар болмокчу.Калаа бийлигинин божомолунда Бишкектеги элдин саны 2050-жылы 1 миллион 920 адамга жетет.
Россия өзүнүн коопсуздугуна кам көрүү менен алек, жаңы куралдарды иштеп чыгуу — ушул багыттагы аракеттердин бири. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.Ага "Буревестниктин" сыналышын АКШ менен Европанын улам күчөп жаткан экономикалык кысымына карата жооп деп түшүнсө болобу деген суроо узатылган. "Россия ырааттуу аракети менен өзүнүн коопсуздугуна кам көрүп келет. Дал ушул максатта жаңы куралдар иштелип чыгууда. Акыркы техника да ушуга кирет", — деген Песков. Кремлдин өкүлү саамалыктын Россия менен АКШнын мамилесине доо кетире турган эч нерсеси жок экенин да кошумчалаган.