ЕАЭБ аркылуу экспорт жүргүзүүдө кыргыз бизнеси кандай көйгөйлөргө туш болууда?

Sputnik
Кыргызстандын негизги экспорттук өнөктөштөрү — Россия, Казакстан (ЕАЭБ мүчөсү), Өзбекстан, Швейцария жана Европа мамлекеттери болуп саналат. Бул өлкөлөргө негизинен айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялар, ошондой эле тигүү жана текстиль тармагындагы ишканалардын өндүрүштөрү экспорттолот. Маалыматтарга караганда, өлкөдө өндүрүлгөн айрым товарлар Казакстан менен Россиянын чек арасынан өтпөй, өз убагында жетпей калган учурлар көп кездешет. Натыйжада, өнөктөш компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди так аткарууда кыйынчылыктар жаралууда. Мындан тышкары, ГМО боюнча сертификаттар ЕАЭБ тарабынан таанылбай калуу учурлары да бар. &&&Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев билдирди. Ошондой эле логистика, бажы тартиби жана санариптештирүү жаатында да бир катар көйгөйлөр бар экени белгиледи.