Министрлер кабинети тубаса ооруларды алдын алуу максатында кош бойлуу аялдар үчүн "Үмүт" программасын киргизүүнү пландап жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Маалыматта "Үмүт" аталышындагы программа 2025-2030-жылдарды камтый турганы айтылат. Мында ар бир кош бойлуу аял 11-13 жана 18-21-жумада биохимиялык жана УЗИ текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү болот. Ал аркылуу түйүлдүктө Даун, Эдвардс синдромдору сыяктуу тубаса оорулар же хромосомалык кемтиктердин бар-жогу эрте аныкталат. "Бул үчүн ар бир облуста адистештирилген скрининг-борборлор түзүлөт. Алар УЗИ-аппараттар жана биохимиялык анализаторлор менен жабдылат", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын жаңы төрөлгөн балдардын ичинен 2,5 миңден ашуун наристе тубаса кемтиги менен жарыкка келет, бул бардык төрөттөрдүн 1,9 пайызын түзөт. Акыркы төрт жылда майыптыкка алып келген тубаса аномалиясы бар балдардын саны 18 миңге жеткен.
Бишкекте 29-31-октябрга чейин мектеп директорлорунун III форуму өтөт. Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Россотрудничество өлкөнүн аймактарындагы 300 мектептин директорлорун жана алардын россиялык кесиптештерин чогултууда. Үч күндүн ичинде катышуучулар башкаруунун учурдагы көйгөйлөрүн талкуулап, тажрыйба алмашат. Ошондой эле өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кесиптик байланыштарды түзүшөт. Секция менен мастер-класстардын темалары маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт. Форумдун алдында мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу курстары башталды. Россия менен Кыргызстандын мектептеринин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулат. “Евразия” бейөкмөт уюму “Мектептеги боордоштук” долбоорун баштайт. Форумдун алкагында Россия ЖОЖдорунун “Россияда билим берүү — 2026” көргөзмөсү болот. Бул жерден жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына Россия өкмөтүнүн квоталары боюнча кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, РФтин алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү менен жолугууга болот. Форумду Россотрудничество жана Түштүк-Батыш мамлекеттик университети, кыргыз тараптан Агартуу министрлиги, КРСУ жана форумду өткөрө турган Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун, ошондой эле “Евразия” уюму уюштурууда. Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жана Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов катышкан форумдун ачылышы 29-октябрда саат 9:30да КРСУнун башкы имаратында болот.
Жамааттык Батыш Россияны ондогон майда мамлекеттик маанидеги аймактарга бөлүп, аларды четинен өзүнө каратып алууну көздөйт. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу макаласында айтканын РИА Новости кабарлады. "Ушу тапта Россияга, коомчулукка тышкы басым күч. Бизге каршы пропаганда абдан катуу иштеп жатат. Тарыхыбызга, маданиятыбызга, руханий баалуулуктарга кол салуу токтогон жок, элибиздин ынтымагына, КМШ мамлекеттеринин достугуна жик салуу аракеттери болушунча жүрүүдө", — деп жазган ал.Шойгу кастарын тиккендер Россиянын көп улуттуулугу өлкөнүн талуу жери деп жаңылыш ойлоп жатканын белгилеген.Коопсуздук кеңешинин катчысы жамааттык Батыш Россиянын кыйратуучу геосаясий технологияларга туруштук бере алган улуттар аралык байланышын, жан дүйнөсүн, ички күч-кубатын, элдеринин биримдигин түшүнбөй турганын белгилеген. Анын айтымында, дал ушул биримдик толук кандуу өнүгүүнүн өбөлгөсү болуп саналат.