БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев аралыкты чектебей ата турган "Буревестник" канаттуу ракетасынын ийгиликтүү сыналышы менен бөлүштү.
Эскерте кетсек, техника жекшемби күнү сыналган. 15 сааттын ичинде ракета 14 миң чакырымды учуп өткөн. Россия президенти Владимир Путин "Буревестникти" сынагандар бардык максатына жеткенин, эми аны армиянын колдонуусуна берүү үчүн көптөгөн жумуш жасалышы керектигин белгиледи. Өлкө башчысы өзөктүк энергетикалык түзүлүшү бар канаттуу ракета дүйнөдө жок уникалдуу курал экенин кошумчалаган.
Өзөктүк түзүлүш орнотулган "Буревестник" ракетасы 2023-жылы мамлекеттик сыноодон өткөн. Жогорку кызматтагы аскер адамдары билинип-билинбей жапыз учкан бул ракета азыркы колдонуудагы ракетага каршы жана абадан коргонуу күчтөрүнүн бир дагы системасына моюн бербей турганын айтышкан.
Кытайдын Sohu басылмасы "Буревестник" АКШ менен НАТОну ооздуктап туруучу күчтүү фактор болуп берерин белгиледи. Global Times мамлекеттик гезити адатта бутага тие турган өзөктүк бөлүк химиялык кыймылдаткычтуу баллистикалык же канаттуу ракеталарга орнотуларына токтолгон.
"Россия өзөктүк энергия менен кыймылга келе турган өзөктүк курал чыгарган биринчи өлкө болуп калды. Мындай техника кайсы бир деңгээлде глобалдуу стратегиялык өзөктүк жаатта күчтөрдүн бөлүштүрүлүшүнө таасирин тийгизет", — деп жазылат макалада.