Бишкекке трамвай киргизилсе кайсы жол менен жүрөрү божомолдонду

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек шаарына трамвай киргизилсе кайсы жолдор менен жүрүшү мүмкүн экенин Бишкек башкы архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Азирет Азимов "Биринчи радиого" курган маегинде айтып берди.
Биринчи этапта трамвайдын 30 чакырымдык линиясы түшөт.
"Трамвайлык эки линия кичи райондор менен курулуп жаткан жаңы стадиондон ("Азаттык арена") баштап, шаардын ортосуна кирет. Андан Жибек Жолу — Шабдан баатыр — Фучик — Садырбаев — Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген квадратка кошулат", — деди Азимов.
Ал шаардын башкы планы кабыл алынгандан кийин трамвай жолун куруунун так датасы анык болорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин шаар мэри Айбек Жунушалиев жол тыгынын жөнгө салуу тууралуу айтып жатып, автобустардын ишин жакшыртып, трамвай системасын киргизүү сунушталып жатканын билдирген.
Бишкектин башкы планы кабыл алынса төрт райондун өз-өзүнчө борбору болот