Жапаров Трамптын чакыруусу менен АКШга барат

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду "Борбор Азия — АКШ" саммитине чакырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынганын белгилеген.
"Президенттин администрациясы мамлекет башчынын АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", — деди Алагөзов.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерин 6-ноябрь күнү өтө турган "Борбор Азия — АКШ" саммитине чакырганы кабарланган.
Трамп Путин менен Украинадагы жаңжалды токтотууга көзү жеткенде гана жолугарын айтты