БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп каалаган аралыкка атылган россиялык "Буревестник" канаттуу ракетасынын сыналышы тууралуу суроого жооп берип жатып, Россия жана АКШ бири-бири менен оюн ойной турган мамлекеттер эмес экенин айткан. Бул тууралуу ага журналисттер учакта суроо узатышканын РИА Новости жазды.
"Алар биз менен ойнобойт, биз да алар менен оюн ойной турган жерде эмеспиз", — деген Трамп.
Эскерте кетсек, кечээ РФ президенти Владимир Путин каалаган аралыкка атыла турган "Буревестник" канаттуу ракетасы ийгиликтүү сыналып бүткөнүн жар салган. Өлкө башчысы өзөктүк энергетикалык түзүлүшү бар канаттуу ракета дүйнөдө жок уникалдуу курал экенин кошумчалаган.