Трамп Борбор Азия лидерлерин 6-ноябрда Вашингтонго чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерин 6-ноябрь күнү өтө турган "Борбор Азия — АКШ" саммитине чакырды. Бул тууралуу Казакстан президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Касым-Жомарт Токаев Трампка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирген кат жолдогон. Коңшу өлкөнүн лидери америкалык президенттин демилгеси керектүү маалда көтөрүлгөнүн белгилеген.
Токаев Трамптын ички жана тышкы саясатынын негизги максаттарын, өзгөчө акыл-эске негизделген салттуу баалуулуктарды коргоо жаатындагы аракеттерин колдоого ала турганын кошумчалады.
Трамп Малайзияда жергиликтүү тургундар менен бийледи. Видео