БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өзүнүн коопсуздугуна кам көрүү менен алек, жаңы куралдарды иштеп чыгуу — ушул багыттагы аракеттердин бири. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.
Ага "Буревестниктин" сыналышын АКШ менен Европанын улам күчөп жаткан экономикалык кысымына карата жооп деп түшүнсө болобу деген суроо узатылган.
"Россия ырааттуу аракети менен өзүнүн коопсуздугуна кам көрүп келет. Дал ушул максатта жаңы куралдар иштелип чыгууда. Акыркы техника да ушуга кирет", — деген Песков.
Кремлдин өкүлү саамалыктын Россия менен АКШнын мамилесине доо кетире турган эч нерсеси жок экенин да кошумчалаган.
Эскерте кетсек, РФ президенти Владимир Путин өзөктүк энергетикалык түзүлүш орнотулуп, каалаган аралыкка атыла турган "Буревестник" канаттуу ракетасы ийгиликтүү сыналып бүткөнүн жарыялаган. Россия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов жаңы ракета азыркы колдонуудагы ракетага каршы жана абадан коргонуу күчтөрүнүн бир дагы системасына моюн бербей турганын билдирген. "Буревестник" 15 саатта 14 миң чакырымды учуп өткөн. Аскер адамдары бул чек эмес экенин айтышууда.