Ошко Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамы келди

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк борборуна Россиядан жардам иретинде 121,4 миң тонна өсүмдүк майы келгенин РФтин Оштогу Башкы консулдугу билдирди.
Азык-түлүктү тапшыруу салтанатына башкы консулдун милдетин аткарып жаткан Валерий Катункин жана үчүнчү катчы Анастасия Егерева катышкан.
1 / 2

Кыргызстандын түштүк борборуна Россиядан жардам иретинде 121,4 миң тонна өсүмдүк майы келгенин РФтин Оштогу Башкы консулдугу билдирди

2 / 2

Азык-түлүктү тапшыруу салтанатына башкы консулдун милдетин аткарып жаткан Валерий Катункин жана үчүнчү катчы Анастасия Егерева катышкан

Майды БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик муктаж бүлөлөргө таратып берет.
Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жыл ичинде ар кандай деңгээлде жардам көрсөтүлүп келген.
Эскерте кетсек, август айында Кыргызстандын түштүгүнө 16 вагон байытылган ун жана өсүмдүк майы жеткирилген болчу.
Пресс-борбор
Россия Борбор Азия өлкөлөрүнө суу кризисинен чыгууга жардам бере алат