30 жаштагы Беназир Нурланова экономика министринин орун басары болду

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. 30 жаштагы Беназир Нурланова экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды.
Ал парламенттик шайлоого аттанган Гүлшат Асылбаеванын ордуна барган.
Нурланова 1995-жылдын 16-сентябрында азыркы Манас шаарында туулган. Экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ. Буга чейин президенттик администрацияда жана Экономика министрлигинде иштеген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкарууну реформалоо жана социалдык-экономикалык саясатты жакшыртууга байланышкан стратегиялык демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышып келгени айтылат. Мамлекеттик башкаруу жана кесипкөйлүктү жогорулатууга багытталган өнүктүрүүчү программалардын катышуучусу.
Уланбек Сатиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды