Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түндө Москвага чабуул жасалды. 30 дрон тең атып түшүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Түндө Москвага 30 дрон чабуул жасап, баары атып түшүрүлдү. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собяниндин Max мессенджериндеги билдирүүсүндө айтылды.
Техникалардын кулаган жеринде ыкчам кызматтар иштеп жатат.
Украина пилотсуз учактар менен Россиянын жарандык объектилерине күн сайын чабуул жасап келет. Россиянын Абадан коргонуу күчтөрү аларды жок кылып жатат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн чагымчылыгына жооп иретинде россиялык күчтөр абадан, суудан, кургактан, ошондой эле дрон менен Украинанын аскердик объектилерине жана аскердик-өнөр жай комплексине сокку урууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин АКШнын Украина боюнча концепциясын кабыл алууга даяр. Лавровдун сөзү