Бишкекте Mercedes даракты сүзүп, толугу менен күйүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында Mercedes автоунаасы даракты сүзүп, толугу менен күйүп кеткенин Патрулдук милиция билдирди.
Маалыматты жол кырсыгы Байтик баатыр көчөсүндө болгону айтылат. 19 жаштагы айдоочунун мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Андан тышкары, унаадагы 18 (мээси чайкалган, жамбашы сынган) жана 19 жаштагы (мээси чайкалып, жамбашы чыгып кеткен) эки кыз да жабыркаган.
Тергөө уланууда.
Бишкекте 13 жаштагы баланын өлүмүнө себепкер делген айдоочу бир айга камалды