БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Израилдин учкучсуз учагы Ливандын түштүгүндөгү Кфаркила конушунда жайгашкан БУУнун Убактылуу күчтөрүнүн (Unifil) патрулуна граната ыргытты. Бул тууралуу аталган күчтөрдүн маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Жекшемби күнү кечинде Израилдин учкучсуз учуучу аппараты Кфаркилдеги Unifil патрулуна жакын келип, граната ыргыткан. Бир аздан кийин израилдик танк тынчтык орнотуучуларды көздөй ок чыгарган. Эч ким жапа чеккен жок, жабдуу да жабыркаган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Unifil окуя дагы бир израилдик дрон патрулдун үстүнөн учуп өткөндөн кийин болгонун кабарлады. Коргонууга даяр турганын айткан тынчтык орнотуучулар Израиль армиясы мындай аракети менен БУУ Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп, Ливандын көз карандысыздыгына доо кетирип, ошондой эле БУУ таккан милдетин аткарган жоокерлердин өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын белгиледи.