БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Яндекс" такси менен самокаттарды ижарага берген ишкерлерди жол эрежелерин сактоого чакырды.
Калаа бийлиги соңку маалда шаардыктар самокат, электроскутер, мопед, "Яндекстин" айдоочуларынын үстүнөн көп арызданып жатканын айтты.
"Катуу айдап, тротуар, аялдамаларга чыгып жатышат. Бул жөө жүргөндөргө, балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кооптуулук жаратат", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия эгер компаниялар талаптарды так аткарбаса, алардын иши токтотуларын эскертти.
Мыйзам боюнча, самокаттар 14 жаштан, мопеддер 16 жаштан жогорку адамдарга берилүүгө тийиш. Транспорттун ылдамдыгы саатына 25 чакырымдан ашпай, тормоз, жарык, үн берүү системалары иштеши керек.