БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкекте 29-31-октябрга чейин мектеп директорлорунун III форуму өтөт.
Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Россотрудничество өлкөнүн аймактарындагы 300 мектептин директорлорун жана алардын россиялык кесиптештерин чогултууда. Үч күндүн ичинде катышуучулар башкаруунун учурдагы көйгөйлөрүн талкуулап, тажрыйба алмашат. Ошондой эле өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кесиптик байланыштарды түзүшөт. Секция менен мастер-класстардын темалары маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт.
Форумдун алдында мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу курстары башталды.
Россия менен Кыргызстандын мектептеринин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулат. “Евразия” бейөкмөт уюму “Мектептеги боордоштук” долбоорун баштайт.
Форумдун алкагында Россия ЖОЖдорунун “Россияда билим берүү — 2026” көргөзмөсү болот. Бул жерден жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына Россия өкмөтүнүн квоталары боюнча кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, РФтин алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү менен жолугууга болот.
Форумду Россотрудничество жана Түштүк-Батыш мамлекеттик университети (Курск), кыргыз тараптан Агартуу министрлиги, КРСУ жана форумду өткөрө турган Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун, ошондой эле “Евразия” уюму уюштурууда.
Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жана Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов катышкан форумдун ачылышы 29-октябрда саат 9:30да КРСУнун башкы имаратында болот.